​6-июнь: күн 32 градуска чейин ысыйт

​6-июнь: күн 32 градуска чейин ысыйт
5-Июнь 2018, Шейшемби, 17:47

6-июнда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,

Нарын дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31,

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29,

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Ош облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32 градус болот.

6-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 29...31 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!