​Каналга кулаган айдоочуну алып чыгышты

​Каналга кулаган айдоочуну алып чыгышты
6-Июнь 2018, Шаршемби, 10:48

Унаа каналга кулап кетип, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Ош облусунун Кара-Суу районундагы Осмонов жана Ленин айылдарынын ортосундагы Түшүк каналына “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен.

Куткаруучулар унаанын ичинен 1958-жылы туулган А.Алибековдун жансыз денесин алып чыгышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!