​16 жаштагы кыз энесин бычактады

​16 жаштагы кыз энесин бычактады
6-Июнь 2018, Шаршемби, 13:59

Бишкекте 16 жаштагы кыз апасына бычак сайды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя эне менен кызынын үй-бүлөлүк урушунан улам келип чыккан. Ачууга алдырган кызы апасын ашкана бычагы менен бир жолу сайган. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барып, бычактан жаракат алган аялдын өздүгүн такташкан. Ал 51 жаштагы аял болгон. Ал эми ага бычак сайган 16 жаштагы кызы

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кызы апасынын алкоголдук ичимдик ичкенине нааразы болуп, ушундай кадамга барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!