​Россияда кыргызстандыктар бычак жеди

​Россияда кыргызстандыктар бычак жеди
6-Июнь 2018, Шаршемби, 14:27

Россияда Кыргызстандын эки жараны бычакталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады

Маалыматка караганда, окуя Санкт-Петербург шаарында болгон. Сузак районунун 1998-жылы туулган Д.К. жана Таш-Көмүр шаарынын 1990-жылы туулган М.А. аттуу тургундарына белгисиз жарандар бычак менен кол салышкан.

Дарыгердин айтымында, жарандардын биринин абалы туруктуу болгондуктан, аны ооруканадан чыгарышты. Экинчисинин абалы оор.

Учурда шектүү катары бир канча киши кармалды

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!