​7-июнь: аба +33 градуска чейин ысыйт

​7-июнь: аба +33 градуска чейин ысыйт
6-Июнь 2018, Шаршемби, 14:46

7-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26;

Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25;

Чүйдө түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32;

Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;

Баткенде түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;

Ошто түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;

Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17, күндүзгү жогорку температурасы 30…32.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!