Өзгөндө өспүрүм сууга чөктү

Өзгөндө өспүрүм сууга чөктү
7-Июнь 2018, Бейшемби, 17:07

Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылында жайгашкан Төрт-Гүл көлүнө бир жаран чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 7-июнда болжол менен саат 14:00дөр чамасында болгон.

2001-жылы туулган жаран чөгүп кеткен. Издөө иштерине куткаруучулар тартылган. Саат 15:30да маркумдун жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!