​Унаа номурунун жаңы үлгүсү киргизилет

​Унаа номурунун жаңы үлгүсү киргизилет
8-Июнь 2018, Жума, 12:09

Өлкөдө чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Аталган чечим өлкө аймагында транспортук каражаттарды каттоонун, кайрадан каттоонун жана каттоодон чыгаруунун, орнотууларды жана жабдууларды каттоонун бирдиктүү тартибин киргизүүгө, транспорттук каражатты пайдаланууга берүүнү тартипке келтирүүгө багытталган.

Бул чечимдин максаты чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсүнүн киргизилиши чет элдик юридикалык жана физикалык жактар үчүн каттоо тейлөөсүн өз мөөнөтүндө жана тоскоолдуксуз алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тараптан жол кыймылы коопсуздугу жаатындагы көзөмөлдүн камсыздалышын жакшыртат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!