​11-июнь күн +31 градуска чейин ысыйт

​11-июнь күн +31 градуска чейин ысыйт
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 09:32

11-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ошто түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Нарында түнкүсүн 5…10; күндүз 17…22.

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16...18, күндүзгү жогорку температурасы 27…29 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!