​83,5 миң жаран жумушсуз

​83,5 миң жаран жумушсуз
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 12:34

Жыл башынан бери Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 83 миң 500 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, катталган жумушсуз жарандардын ичинен 61 миң 800дө расмий жумушсуз макамы бар.

Өлкөдө экономикалык активдүү калктын саны 2 млн. 547 миң киши. Жыл башынан бери Нарын облусунда 5 миң 800 киши жумушсуз, Жалал-Абад облусунда 24 миң 500 адам жумушсуз.

Ал эми жумушсуздар эң аз Бишкек шаарында 7 миң киши жана Чүй облусунда 6 миң 400 киши катталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!