​Үй ээси өрттөнүп кетти

​Үй ээси өрттөнүп кетти
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 13:55

Бишкекте өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 9-июнда болжол менен саат 16:20лар чамасында Молодежная көчөсүндө катталган.

Өрттүн натыйжасында үй толугу менен күйүп кетип, 1957-жыл туулган жаран каза болгон. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрттүн келип чыгуу себеби газ түтүкчөсүнүн туура эмес колдонулушу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!