​ӨКМ: 11-15-июнда сел жүрүшү мүмкүн

​ӨКМ: 11-15-июнда сел жүрүшү мүмкүн
12-Июнь 2018, Шейшемби, 09:44

11-15-июнда нөшөрлүү жаан-чачындан айрым райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда,12-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 7…12; күндүз 21…26;

Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Ошто түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31.

12-июнда Бишкекте жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус, күндүз 28…30 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!