​13-июнь: күн +35 градуска чейин ысыйт

​13-июнь: күн +35 градуска чейин ысыйт
13-Июнь 2018, Шаршемби, 12:25

13-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Күндүз Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарында түнкүсүн 6…11; күндүз 22…27;

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ошто түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31.

13-июнда Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 32…34 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!