​14-июнь: туруксуз аба ырайы күтүлөт

​14-июнь: туруксуз аба ырайы күтүлөт
13-Июнь 2018, Шаршемби, 15:31

14-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Ошто түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30.

Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 27…29 болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!