​Ысык суу убагынан эрте берилет

​Ысык суу убагынан эрте берилет
14-Июнь 2018, Бейшемби, 11:41

Бишкек шаарында үйлөргө ысык суу берүү убагынан эрте берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкекте үйлөргө ысык суу берүү 21-майдан 21-июнга чейин токтотулган. Белгиленген убакыт ичинде жыл сайын аткарылып келген пландын алкагында кышка даярдык көрүү үчүн түтүктөр оңдоп-түзөөдөн өткөн. 12-июндан тартып түтүктөрдү суу менен толтуруу иштери башталган. 15-17-июнь күндөрү түтүктөрдү текшерүү иши орун алат. Эгер түтүктөрдө эч кандай кемчиликтер катталбаса, ысык суу убагынан эрте берилет.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!