​500 килограмм баңгизат колго түштү

​500 килограмм баңгизат колго түштү
14-Июнь 2018, Бейшемби, 12:54

Казакстандын жараны Чүй облусунан 500 килограмм баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-июнда ИИМдин баңгизатты сатууга каршы күрөшүү кызматынын тартип сакчылары Аламүдүн районунда казакстандык 57 жаштагы жаран башкарып бара жаткан “Aуди” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны тинтүү учурунда 30 литрлик 14 май куючу челектен жалпы салмагы 500 килограммды түзгөн сары түстөгү өзгөчө жыты бар суюктук табылган.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!