​Окуучу унаанын алдында калып каза болду

​Окуучу унаанын алдында калып каза болду
14-Июнь 2018, Бейшемби, 13:52

Кемин районунда 10 жаштагы баланы унаа коюп кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздук кыймылын жөнгө салуу башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык болжол менен саат 19:30дар чамасында Бишкек – Торугарт унаа жолунун 86-чакырымында болгон. “Тойота Хариер” үлгүсүндөгү унаа батышты көздөй бара жатып, Жаңы-Алыш айылынын 2008-жылкы жашоочусун сүзүп кеткен.

Жабыркаган бала ооруканага баратканда жолдо каза болгон.

Чогултулган материалдар Кемин райондук ИИБне өткөрүлүп берилди. Унаа айып токтотуучу жайга токтотулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!