15-июнь: жаан жаашы күтүлөт

15-июнь: жаан жаашы күтүлөт
14-Июнь 2018, Бейшемби, 17:10

15-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Ошто түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;

Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;

Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Бишкек шаарында 15-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсун 13…15, күндүз 23…25 градус жылуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!