Мэрликти мээлеген Суракматов кыргыз тилинен сынак тапшырды

Мэрликти мээлеген Суракматов кыргыз тилинен сынак тапшырды
31-Июль 2018, Шейшемби, 17:03

Бишкек шаарынын мэрлик кызматына жалгыз талапкер Азиз Суракматов бүгүн, 31-июлда Борбордук шайлоо комиссиясында кыргыз тилинен сынак тапшырды.

Ал өзүнүн программасы менен кыскача тааныштырып жатып, эски жолдордуу оңдоо, союз убагындагыдай автобустарды шаарга алып келүү, жарыктандыруу маселесине көңүл бураарын айтты:

- Мурун шаарда миң чоң автобус, 400-500гө жакын жаңы троллейбус бар болчу. Ошону биз алып келсек Бишкек шаарындагы транспорттук проблемаларды чечмек деп ойлоп атам. Курч маселе экология болуп атат. Экология маселесин чечкенге азыр шаарды көбүрөөк жашылдандырууга аракет кылышыбыз керек. Ошого 45-50 миң бак-дарактарды, 15 миңден ашык бадалдарды тигиш керек. Андан ары шаардын чет жактарын жарыктандырууга азыр биз эски шамдарды диоддук шамдарга өткөргөнгө аракет кылабыз.

Ал ошондой эле таштанды маселесине токтолуп, Бишкек шаарындагы таштанды полигонундун ордуна эл аралык талаптарга жооп берген жаңы полигон менен бирге завод куруу пландары бар экенин кошумчалады. Суракматов коррупция менен күрөш мэриянын биринчи милдети экенин айтканы менен, эмнегедир көр саткан көпөстөр, жер саткан жемкорлор тууралуу ооз ачкан жок.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкер Азиз Суракматовду мамлекеттик тилдин билүүсүн аныктоо боюнча комиисия “кыргыз тилин билет” деген чечимин чыгарды.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, мурунку мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимин кабыл алышкан.

Ал эми 19-июлда ал кылмышка шектүү катары камакка алынып, башкы тергөө башкармалыгына жеткирилген. Ага карата «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузуу иштерине байланыштуу 2018-жылдын 28-майында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана көрсөтүү") 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Маалымат катары айта кетсек, 2018-жылдын акыркы инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча калдыктарды таштоочу жайлардын саны 406 деп эсептелинген. Чындап келгенде талапка жооп берген калдык таштоочу жайлардын саны өтө эле аз. Санкцияланган жана санкцияланбаган деп айтыш оорго турат. Анткени айыл чарба, токой фондунун жерлеринде полигондор жайгашып калгандыгына байланыштуу жердин категориясын өзгөртмөйүн санкцияланган деп саналбайт. Салыштырмалуу санап көргөндө 60дай таштанды жай санкцияланган. Ал эми Бишкектин шаар четинде жайгашкан калдык сактоочу жай калктын саны менен 3,5 млн кубка ылайыкташтырылып салынган. Азыркы учурда нормативдик ченемден ашып, 28 млн куб таштанды орун алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды