Карыларга көрүлгөн камкордук (видео, фото)

Карыларга көрүлгөн камкордук (видео, фото)
31-Авг. 2018, Жума, 13:25

Кыргызстандагы Улуттук Кызыл Ай коомунунун Чүй облустук өкүлчүлүгү карыларды өз камкордугуна алып келет. Карыларга жардам берүүдө комплекстүү кадамдар да негизделген. Тагыраагы, активдүүлүк, үйүндө жардам берүү, пансион жана хоспис. Мындай багыттар улгайган адамдарды өз алдынча болуусуна турткү берет.

Улуттук Кызыл Ай коомунунун Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээрим Абдыкеримованын айтымында, карылар клубу пансионго, балдар кризистик борборуна жардам берип, пенсияга чыктык деп жатып албастан өз убактыларын пайдалуу өткөргөнгө аракет кылышат. Алардын арасында 80 жашка жакындап калгандары бар.

- Бул жакта карылар сүрөт тартышат, токум токушат. Бул жерде “Саламат” деген карылар үйү бар. Ага да жардам беришет. Муну менен эле чектелбестен Кара-Балтадагы жетим балдар үйүнө да көмөк көрсөтүшөт. Билесиздер, жетим балдардын ата-энеси жок, булар ата-эненин ордуна барып мээримдүүлүгүн көрсөтүп турушат.

Үйүндө жардам көрсөтүү

Калктын аяр катмарына камтылган карылар ар кандай себептерден үйүнө барып кам көрүүгө муктаж. Бул катмардын 100дөн ашыгын жалгыз бой карылар камтыйт. Аларга эл аралык талаптарга ылайык, улгайган жалгыз бой карыларга кам көрүү программасы менен даярдалган ыктыярчылар үй-тиричилигине, мүмкүнчүлүгү чектелген карыларды сейилдөөгө коштоп жүрүү, инвалиддик коляска, кийим-кечек менен камсыздоо сыяктуу өз жардамдарын көрсөтүп келет.

Мария Молдонова автокырсыкка учурап, сегиз операциянын башынан өткөргөн. “Менин байлыгым китептерим” деген Мария апа ыктыярчылардын убагында көрсөтүп турган жардамына жана камкордугуна ыраазы.

Мен жетимиш жаштан аштым. Эл агартуу системасында кырк жыл мугалим болуп иштедим. Азыр пенсияга чыгып үйдөмүн. Китеп окуйм, телевизор көрөм. Ден-соолугум жашка жараша, акырын кыбырап басып жүрөбүз. Ыктыярчылар келип айтканымды келип берип кетишет. Жаныбызда дүкөн бар, нан сатып алганга өзүм эле барам. Туугандарым жардам берип турушат. Өзүм китеп окуганды жакшы көрөм. Мен чет мамлекеттин, орус, кыргыз классикасынын баарын окуйм. Бир жарым миңден ашык китебим бар болчу. Аларды иштеген мектебиме, китепканага өткөрүп бердим. Бирок, үйдө дагы эле китептер толтура.

Пансион

Арийне, ар бирибиз карылардын өз үй-бүлөсү менен өз үйүндө жашоосун толук колдойбуз. Бирок, өнөкөт ооруга чалдыккан жалгыз бой карылар өз алдынча жашай албай турганы белгилүү. Мындай жагдайдагы карыларга “Саламат” пансиону кам көрөт. Пансиондо коопсуз жашоо менен бири-бири менен баарлашып, убактысын кызыктуу өткөргөнгө аракетин жасашат.

Хоспис

Хосписте оорунунун олуттуу стадиасындагы мээрман айымдардын кароосуна муктаж карылар жайгашкан. Жыйырма төрт саат бою дарыгерлердин кароосунда. Акыркы өмүрлөрүн дал ушул хоспистте өткөрүшөт.

Хоспистин директору Чынара Мусакеева мамлекет дагы карыларды камдордугуна алган уюмдарга жардам көрсөтүп, көңүлүн бурса деген тилекте. Ошентсе да директор тарабынан хоспистин шартын жакшыртуу максатында демөөрчүлөрдү издеп, оңдо-түзөө иштерин жүргүзүп, жаңы эмеректерди алып келгенине күбө болдук.

- Бизде 36 киши жашайт. Анын арасында 22си аял кишилер. Ар кими ар кандай кырдаалдан улам келишкен. Кээ биринин балдары, туугандары жок, кээ биринин туугандары боло дагы карай алышпайт.Биз 24 саат боюнча медициналык жардам көрсөтөбүз, тамак-аш менен камсыздайбыз. Кийимин жууп беребиз. Колдон келишинче камкордугубузга алып, мээрибизди төгүп келебиз


Улуттук Кызыл Ай кому – 92 жыл аралыгында гуманитардык жардам көрсөтүп келген эң биринчи уюм. Бүгүнкү күнү уюм эки миңден ашык ыктыярчы ар кайсы аймакта иш алып барып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)