Абдышүкүр Нарматовдун баласын аткан кылмышкерлер кармалды (видео)

Абдышүкүр Нарматовдун баласын аткан кылмышкерлер кармалды (видео)
17-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 11:21

Аалымдар кеңешинин төрагасы, диний ишмер Абдышүкүр ажы Нарматовдун үйүнө ууруга кирип, 21 жаштагы баласына ок чыгарып качып кетишкен белгисиз адамдар кармалды.

Белгилей кетсек, окуя 4-майга караган түнү болгон. Абдышүкүр ажынын үйүнө уурулар кирип, алгач короосунда токтотулуп турган унаасынын айнегин талкалап, алты миң сом жана документтерди алышкан. Андан кийин уурулар үйгө кирүүнүн аракетин көрүшкөн. Анын баласы аларды көрүп калып, кууп жөнөгөн. Ошол маалда белгисиз адамдардын бири баласына карай ок чыгарып, качып кетишкен. Ал бутунан жарадар алып, дароо ооруканага жеткирилген. ИИМдин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү адамдар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени аныкталган.

Кылмышкерлердин иши

23-июнда Аламүдүн районунун Ленин айылындагы акча алмаштуруучу жайдын терезесин талкалап, кинодогудай эле темир торчосуна троссту машинага байлап жулуп салган. Андан сон 850 000 сомду ал жакта иштеген кызматкерлердин башына тапанча такап, 850 000 сом карактап кетишкен. Кылмыш учурунда пайдаланылган "SsangYong Musso" автоунаасынын ээси, 57 жаштагы таксист болуп иштеген А. Юсуфовдун сөөгү үч күндөн кийин ошол айылдагы жардан колу-буту байланган абалда табылган. Аны кыйнап өлтүрүшкөн.

Ал эми июль айында Жалал-Абадда “Лига-Трейд” ишканасынан 290 миң, “Партнер-Нефть” фирмасынынын кеңсесинен 450 тоннага берилчү талонду жана Ош шаарындагы “Даннур-Юг” компаниясына кирип, сейфтеги 7 млн. сомду уурдап кетишкен. Мындан сырткары бир нече жылдан бери ондогон фирмаларды тоногону аныкталган.

Аталган кылмыш топтун бардык мүчөлөрү Россия Федерациясынын аймагынан кармалып, бирок уюштуруучусу качып кеткенге үлгүрөт.

Кылмышкерлердин изи

Анын изине түшкөн ыкчам кызматкерлер 2018-жылдын август айында Ысык-Көл облусунун аймагынан жогорудагы көрсөтүлгөн кылмыштарга шектүү катары 1993-жылы туулган Б. Ы. аттуу жаранды кармашат. Ал буга чейин каракчылык, уурулук, бейбаштык, баңгизат үчүн соттолгон. Ал эми анын шериги издөөгө алынган 32 жаштагы Жылдызбек Бекмурзаев аттуу жаран болуп чыккан. Ал да зордуктоо, каракчылык үчүн соттолгон, Кыргызстанда жана бир нече оор кылмыштар үчүн Казакстанда да издөө жарыяланган.

Криминалык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери 2017-жылдын 21-июлунда Казакстанда издөөдө жургөн Жылдызбек Бекмурзаевди кармаган. Ал Казакстандын чек арасына мыйзамсыз өтүп, Алматы, Тараз, Костанай шаарларында жашырынып жүргөн. Бирок, аны казак тарап экстрадициялоодон баш тартып, чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн алты айга эркинен ажыратып, абакка кескен. Ал көп өтпөй түрмөдөн качып кеткен. Казакстандын күч органдары ага издөө жарыялаган. Маалым болгондой, Бекмурзаев ал үйүнө кайтып келип жаңы кылмыш тобун негиздеген.

ИИМдин Криминалдык милициясы бул адам тууралуу кандайдыр бир маалымат билсе, милициянын (312) 26-62-61; (550) 101-086; (558) 919-199; (559) 148-310 телефондоруна чалып, маалымдоону өтүнөт. Маалыматтын купуялуулугу сактала турганын жана сый акы карала турганын милиция кошумчалады.

Учурда Кыргыз Республикасынын криминалдык милициясы тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Оперативдик тасмада Жылдызбек Бекмурзаев көрсөтмө берген.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)