Россия "Искандер-М" ракеталык комплексин Кыргызстанга жөнөттү

Россия
19-Сен. 2018, Шаршемби, 12:48

Россия Федерациясы "Искандер-М" ракетатык комплексин Уралдан Кыргызстанга биринчи жолу жөнөттү. Бул тууралуу "Риа Новости" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Ага ылайык, ракеталык комплекстер КМШ өлкөлөрүнүн күч түзүмдөрү катышкан "Ысык-Көл-Антитеррор 2018" аскердик окутуу иштеринин алкагында жөнөтүлгөн. Окутуу учурунда аскерлер "Эдельвейс" тоо полигонуна аталган ракеталарды таштайт.

"Искандер-М" чакан жана кең аянттагы ракеталык системаларды, узак аралыкка атуучу артиллерияны, тик учактарды 500 км аралыкта атып түшүрүүгө багытталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!