Коррупциялык иштерден 4,7 млн. сом өндүрүлдү

Коррупциялык иштерден 4,7 млн. сом өндүрүлдү
20-Сен. 2018, Бейшемби, 11:59

Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү эсепке дагы 4 млн. 756 миң сом которду. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Аталган акча коррупциялык иштерден өндүрүлгөн. Учурда депозиттик эсепте топтолгон каражат 166 млн. 85 миңге жетти.

3-июлда коррупциялык иштерден өндүрүлгөн акчаны топтоо максатында Финансы министрлигинин алдында бирдиктүү эсеп ачылган. Ал акча каражаты өкмөттүн чечими менен кайра бөлүштүрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!