Сауд Аравия Кыргызстанга мектеп курат

Сауд Аравия Кыргызстанга мектеп курат
21-Сен. 2018, Жума, 12:05

Сауд Аравиясы мектеп курууга каражат бөлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, эки тараптуу келишимге 13-сентябрда кол коюлган. Келишим боюнча Сауд Аравиясы Кыргызстанга 27 мектеп куруу үчүн 30 млн. доллар бөлөт. Сауд Аравиялык компаниянын өкүлдөрү мектептердин курулуш долбоорлорун иштеп чыгып, тендердик документтерди жана курулуш иштерин даярдайт.

Октябрь айында инженердик изилдөө иштери башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!