Аял гашишти эмне кылмак?

Аял гашишти эмне кылмак?
26-Сен. 2018, Шаршемби, 16:31

Ири көлөмдөгү гашишти алып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-сентябрда Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Аламүдүн районундагы базардын жанынан Ысык-Көл облусунун 55 жаштагы жашоочусун кармашкан. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда курткасынын ичинен брекеттелген 25 даана баңгизаты табылган.

Алынган заттын жалпы салмагы 400 граммды түзгөн. Экспертизанын корутундусу менен алынган зат гашиш баңгизаты болуп чыкты.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы тарабынан кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!