Кылмыштардын бирдиктүү реестри декабрда иштеп баштайт

Кылмыштардын бирдиктүү реестри декабрда иштеп баштайт
28-Сен. 2018, Жума, 13:19

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин түзүү үчүн 130 млн. сомго жакын каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри үстүбүздөгү жылдын декабрь айында тесттик режимде иштеп баштайт. Бирдиктүү реестрди үчүн Башкы прокуратурага 102 млн. 393 миң сом, Ички иштер министрлигине 6 млн. 134 миң сом, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 21 млн. 72 миң сом бөлүндү.

Учурда Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын базасында Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китебинин программалык камсыздоосу тажрыйбадан өткөрүлүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!