ИИМ: Оштогу автоматчан кылмышкер кармала элек (видео)

ИИМ: Оштогу автоматчан кылмышкер кармала элек (видео)
28-Сен. 2018, Жума, 14:19

Ош облусунун Кара-Суу районунда жүгөрү талаасын аралап из жашырып кеткен кылмышкер Жылдызбек Бекмурзаев кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев Zaman Kyrgyzstan маалымат агенттигине кабарлады.

"Кылмышкер кармала элек, азырынча дайыны жок. Милиция кызматкерлери издөө иштерин улантып жатат”, - деди ал.

Эске сала кетсек, 20-сентябрда жарандардан милицияга Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери жанынан текшерүү үчүн барганда издөөдө жүргөн кылмышкер куралчан болгондуктан ок чыгарып, “Мерседес-бенц” үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кеткенге үлгүргөн. Аталган аймак курчоого алынып, издөө иштери жүргөнү менен кылмышкер азырынча колго түшө элек.

Жылдызбек Бекмурзаев деген ким өзү?

Жылдызбек Бекмурзаев 1986-жылы туулган. Ал Кыргызстанда жана бир нече оор кылмыштар үчүн, атап айтканда зордуктоо, каракчылык беренелери боюнча соттолгон.

Криминалык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери 2017-жылдын 21-июлунда Казакстанда издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди кармаган. Ал Казакстандын чек арасына мыйзамсыз өтүп, Алматы, Тараз, Костанай шаарларында жашырынып жүргөн. Бирок, аны казак тарап экстрадициялоодон баш тартып, чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн алты айга эркинен ажыратып, абакка кескен. Ал көп өтпөй түрмөдөн качып кетет. Казакстандын күч органдары ага издөө жарыялаган. Кийин маалым болгондой, Бекмурзаев ал үйүнө кайтып келип жаңы кылмыш тобун негиздеген.

ИИМдин Криминалдык милициясы бул адам тууралуу кандайдыр бир маалымат билсе, милициянын (312) 26-62-61; (550) 101-086; (558) 919-199; (559) 148-310 телефондоруна чалып, кабарлоону өтүнөт.

Оперативдик тасмада Жылдызбек Бекмурзаев көрсөтмө берген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)