Улан Эгизбаевдин жубайы: Күйүттү сүрөттөөгө сөз жетпейт

Улан Эгизбаевдин жубайы: Күйүттү сүрөттөөгө сөз жетпейт
2-Окт. 2018, Шейшемби, 13:14

Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева 1-октябрда маркум жолдошун жоктоп, алгачкы постун Facеbook баракчасына өзүнүн эскерүүсүн жарыялады. Ал күйүттөн улам, көптөн бери социалдык тармактагы баракчасына кире элек болчу.

“Жашоо сапары мынча эрте бүтөрүн күнү-түнү жанында жүргөн мен да аңдабай калдым. Ичтеги күйүттү сүрөттөөгө эч бир сөздүн кудурети жетпейт. Ичибиз эңшерилип, жашообуз заматта астын-үстүн болуп кеткенин айтпасам деле туюп жатсаңыздар керек. Кантели… Башка арга да, амал да жок. Атам, апам, жакындары бири-бирибизди сооротуп отуруп калдык. Жашоодо көп эле кыйынчылык көрдүм, бирок, мынчалык кунарсыз күндөргө алгачкы жолу кабылышым. Дагы эле үмүтүм үзүлбөй, “Каражан, сени ким капа кылды?” деп адатынча шашып кирип келчүдөй сезилет. Ошондой болсо кана? Же сүрөттөгүдөй мени да ээрчите кеткендечи? Айтор, ушунчалык түйшүктүү суроолор көп… “Бизди оор күндө колдоп, кайгыбызды тең бөлүшкөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Мындай жамандыкты эч кимдин башына салбасын деп айткым келбейт, анткени ажал барыбир башка салат. Барыбир эртеби, кечпи каратып туруп жакындарыбызды колдон жулуп кетет. Жашоо мыйзамынан баш тарта албайт турбайбызбы биз алсыз. Андыктан, Улан айткандай, көзү өткөндө гана мактабай, тирүүлүктө сыйлашып, жакшы сөзүбүздү, жылуу мамилебизди бири-биризден аябасак. Жалгыз айтарым ушул” – деп жазган Абдинабиева.

Эскерте кетсек, Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл учурда кош бойлуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)