Технологияны кубалаган 90 жаштагы Николай Елисеев (видео)

Технологияны кубалаган 90 жаштагы Николай Елисеев (видео)
2-Окт. 2018, Шейшемби, 13:47

Кызыл Ай коомундагы карылар клубунун эң сыйлуу коногу Елисеев Николай Эпифанович десек болот. Ал 2018-жылдын жаз айынан бери өзүнүн компьютердик сабаттуулугун жогорулатып, карылар клубундагы ыктыярчылардан сабак алып турат. Бүгүнкү күнү электрондук почта аркылуу кат алышып, ал гана эмес алыскы Россиядагы неберелери менен Skype аркылуу сүйлөшүп, сагынычын таратып турат. Николай Эпифанович жашы токсонду таяп калса да, карылыктын капасынан бир топ эле алыс. Жаштар менен жарыша заманбап технологияларды өздөштүрүп, алдыга умтулганы умтулган. Ал Ардагерлер кеңешинде да мүчө болгондуктан, “отчет жазганга компьютер билүү керек экен” деп бир топ программаларды өз алдынча үйрөнүүгө жетишкен.


Жалгыз бой карылар менен иштөө программасынын координатору Жамиля Мадалбекованын айтымында, улгайган адамдар пенсия курагына чыктык деп үйүндө жатып албастан өзүнүн бош убактысын пайдалуу өткөргөнгө аракетин жумшашат.

Кызыл Ай коомунда карылар клубу эки жылдан бери активдүү иштеп жатат. Бул клубда төрт тайпа бар, ал тайпалар кол өнөрчүлүк, фитнес-гимнастика менен алектенишет. Анын тренери өзүлөрүнүн эле арасынан чыккан. Пенсияга чыккандан кийин ар кандай ийримдерге катышып, өзү бир жарым сааттык комплекстик көнүгүү иштеп чыгыптыр. Көнүгүүлөрдү ар бир кары көрүп, “биздин жашка жарайт же жарабайт” деп тандап алышат. Негизи биздин клубка элүүгө жакын кары келип турат. Алардын жашы алды 65 арты 95те”.

Карылар клубунун өзгөчөлүгү ар бир карыга бирден ыктыярчы бөлүнгөн. Демек ыктыярчылар карылардын өздөштүрүү деңгээлине жараша сабак өтүшөт.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!