Дордой базарында өрт чыкты

Дордой базарында өрт чыкты
3-Окт. 2018, Шаршемби, 09:54

"Дордой" базарында өрт чыгып толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, базарда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат өрт кызматына болжол менен саат 17:50лөр чамасында түшкөн. Базардагы контейлерлердин биринен жалын чыгып, 18:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана канча аянт күйүп кеткендиги такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!