Эскертүү: аба ырайы кескин өзгөрөт

Эскертүү: аба ырайы кескин өзгөрөт
5-Окт. 2018, Жума, 17:32

Жуманын аягында Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Буга байланыштуу синоптиктер шашылыш билдирүү таратышты.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 7-октябрда күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылат.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай аба ырайы автоунаалардын каттамын, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын ишин, жайлоодо мал багууну кыйынчылыкка учуратат.

9-10-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү түшүмү жыйнала элек жашылча-жемиштер үчүн коркунучтуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!