Борбор Азия мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин жыйыны аяктады

Борбор Азия мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин жыйыны аяктады
6-Окт. 2018, Ишемби, 15:19

Бүгүн, 2018-жылдын 6-октябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин (Кыргызстан, Казакстан, Таджикистан, Өзбекстан) ички иштер министрлеринин кеңешме жыйналышы өттү. Мындай форматтагы иш-чара биринчи жолу өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы “Zaman Kyrgyzstan” маалымат агенттигине кабарлады.

Эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүнүн максаты Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында болуп өттү.

Аталган жыйынга Таджикистан Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамро, Казакстан Республикасынын ички иштер министри, полициянын генерал-полковниги Касымов Калмуханбет Нурмуханбетович жана Өзбекстан Республикасынын ички иштер министри, генерал-майор Бобожанов Пулат Раззаковичтер башында турган делегациялар тобу катышты.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев белгилегендей, мындай иш-чаралар эч качан мамлекеттин кызыкчылыгын артта калтырбай, биздей эле муктаж болгон коңшу өлкөлөрдүн дагы тынчсыздандыруусун жараткан чек арага чектеш аймактарындагы кылмыштуулук чөйрөсү менен күрөшүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

“Мындай көп тармактуу кеңешме Борбор Азиянын ички иштер министрликтеринин эл аралык терроризм жана экстремизм, баңги кылмыштуулугу, уюшкан кылмыштуулук, ошондой эле санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүүдө шарт түзүп берет деген ишеничтемин. Бул кеңешмени өткөрүү салтка айланып, бизди профессионалдык-кызматтык жактан жакындатып, бири-бирибизди жакындан түшүнүүгө, мамилени бекемдөөгө жардам берген кеңешме болот деген үмүттөмүн”- деп билдирди министр Жунушалиев.

Ошондой эле Борбор Азиянын мамлекеттеринин ички иштер органдары бири-бирибиз менен мамилени жакшыртып, уюшкан кылмыштуулукка, электрондук капчыктарды колдонуу менен интернет булактары аркылуу синтетикалык жана акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жайылтууга бөгөт коюп, кибер терроризм менен кибер экстремизмге каршы күрөшүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, республиканын чек арасына чектеш аймактардагы жарандардын тартиби менен коопсуздугун камсыздоо үчүн ички иштер органдарынын мамилесин жакшыртуу керектиги айтылды.

Андан сырткары,министр бүгүнкү күндө электрондук капчыктарды колдонуу менен интернет булактары аркылуу синтетикалык жана акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жайылтуу күч алып жаткандыгына байланыштуу ага каршы туруу үчүн бирдиктүү иштерди жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)