Акыйкатчы институту: абакта жаткандар кыйноого кабылышкан

Акыйкатчы институту:  абакта жаткандар кыйноого кабылышкан
9-Окт. 2018, Шейшемби, 10:38

Акыйкатчы институтунун аппарат кызматкерлери “Эркиндик үнү” (Голос свободы) эксперттик фонду менен биргеликте Нарын шаарындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №24 тергөө абагына мониторинг жүргүзүштү.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, эксперттер тергөө абагынын шарттары, медициналык кызматтын абалын текшерүүгө алган.

Ошондой эле 35 адамдын 22си жашыруун сурамжылоо катышып, экөө Акыйкатчы институтунун Нарындагы өкүлчүлүгүнө милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Мындан тышкары мониторинг жүргүзүү учурунда өзүнчө камерада жашы жете элек эки бала оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча шектелип, камакта жатканы аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!