"Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди

15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 17:32

Балыкчы шаарында “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Балыкчы шаарда жалпы 84 видео байкоочу камералар орнотулду. Эки система сыноо режимде иш алып барууда. Системалардын бири шаардын кире беришинде дагы бири атайын автоунаада орнотулуп иш алып барууда.

Видео байкоочу жабдыктарды орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!