Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге барат?

Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге барат?
22-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 13:24

Экс-президент, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев 24-27- октябрда Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына катышат. Бул тууралуу бүгүн КСДПнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тегерек столдо Азия, Африка жана Латын Америка мамлекетинин партияларынын лидерлери жана өкүлдөрү экстремизмге каршы күрөшүү жана суверендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө маселелери талкууланат. Иш-чара Москва шаарында 24-27-октябрда өтөт.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле 22-23-октябрда Санкт-Петербург шаарында жеңеси Е. Шаршенованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат.

28-октябрда аталган иш-чаралар бүткөн соң Бишкек шаарына кайтып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!