Байлыкка эмес, билимге умтулган жаштар (фото)

Байлыкка эмес, билимге умтулган жаштар (фото)
22-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 18:48

Азыркы учурда колуна китеп кармаган жаштар аз учурайт. Негедир китепти чөнтөк телефонго алмаштырып алгандай туюлат. Ооба, алакандай телефондо бардык маалыматтар бар. Жаштар маалыматты иргей алабы иргей албайбы ал башка маселе. Бирок, ой-жүгүртүүсү жаңыдан калыптанып келе жаткан жаш муундар китепке эмес жиби жок интернетке байланып калганы ойлондурбай койбойт. Технология өнүккөн заманда жашап жатканыбыз чын. Ошол эле учурда интернеттин пайдалуу эмес пайдасыз жагына ыктап, жайнаган сүрөттөрдү жүктөп, бирөөнүн маанисиз, маңызсыз пикирлерин окуп, ага жооп кайтаруу менен алек болуп, кайрылгыс убактыбызды пайдасыз нерсеге кетирип жатканыбыз да чын. Ал эми көркөм сөздөр камтылган китептин баалуулугу жоголсо дөөлөтүбүз да жоголгону.

Ошентсе да, алтындай убактысын китепке арнагандар арабызда аз эмес. Айтайын дегеним, “Инсандык өнүгүү” студенттик клубунун ыктыярчылары "Бир жумага бир китеп" аттуу долбоору ийгиликтүү ишке ашып келет. Бул ирет К.И.Скрябин атындагы агрардык университетинде студентер семинар уюштуруп, ага “Шанс” китеп дүкөнүнүн директору Сүйүн Калчаев конок катары чакырылды.

Семинарда 20 миллиондон ашык нускада чыккан америкалык педагог, устат Стивен Р. Ковинин “Жемиштүү адамдын жети жөндөмү” аттуу китеп боюнча талкуу болуп, студенттер кызыктуу маалымат ала алышты.


Жаштарды китеп окууга үндөп, мотивация берүүчү сабактары менен бөлүшкөн Сүйүн Калчаев:

“Алтынбек Исмалиов агабыздын жашкы ыр саптары бар.

Коркпойм уулуу жылан менен чаяндан,

Коркпойм ажаан акылы жок адамдан.

Көр оокатка, көп оокатка берилип,

Корком китеп окубаган адамдан.

деген. Качан инсан окуй баштаганда бийиктикке жетет. Маалымат жок болсо эч нерсеге жетпейсиң. Маалыматты кайдан алыш керек деген маселе бар. Мисалы, эгер тикенектин уругун сепсең, тикенек өсүп чыгат, роза гүлү өспөйт. Азыркы учурда башыбызга жакшы нерсени сиңирип, маалыматтын жакшысын, башкача айтканда дандуусун алыш керек. “Эскерткиле, эскертүү инсандар үчүн пайда” дейт. Күнүгө окуп турсаң маалыматты эстеп турасың. Адам маалыматты жаңыртып турган сайын ошнчолук мотивация алып баштайт”, - деди өз сөзүндө.


Талкуунун жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.



Өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттер грамоталар менен сыйланды.


Билимдин баркын билгендер китепти кеме катары пайдаланып, деңиздей билимдин бийик толкундарын багынтууда. А сизге эмне тоскоол болуп жатат?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден  кечирим сурады
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден кечирим сурады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган  “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы