Нариман Түлеев менен Илим Карыпбеков кайым айтышты

Нариман Түлеев менен Илим Карыпбеков кайым айтышты
23-Окт. 2018, Шейшемби, 17:25

Экс-мэр Нариман Түлеевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учакта бирге түшкөн сүрөтү талкууланып бүтпөй жатат.

Ал гана эмес кайым айтыштар уланып, компроматтар чубалып, бул ирет КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Нариман Түлеев менен "Twitter" социалдык тармагында кармашты.

Түлеев көп өтпөй экс-президент менен эмнелер тууралуу сүйлөшкөнү боюнча түшүндүрмө берди. Анда, кадр саясаты, сот, күч органдарынын реформалары тууралуу сүйлөшкөнү айтылат.

Козголгон иш

Экс-мэр 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Анын үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Ал "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деген айып тагылып, 2012-жылы камакка алынган. Түлеев амнистия алып, келтирилген чыгымдарды толугу менен төлөп эркиндикке чыккан.

Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге кетти эле?

КСДПнын басма сөз кызматы кабарлагандай, Алмазбек Атамбаев 24-27- октябрда Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына катышат. Тегерек столдо Азия, Африка жана Латын Америка мамлекетинин партияларынын лидерлери жана өкүлдөрү экстремизмге каршы күрөшүү жана суверендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө маселелери талкууланат. Иш-чара Москва шаарында 24-27-октябрда өтөт.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле 22-23-октябрда Санкт-Петербург шаарында жеңеси Е. Шаршенованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат.

28-октябрда аталган иш-чаралар бүткөн соң Бишкек шаарына кайтып келери айтылат.






Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР