Бишкекте коомдук транспорттор электрондук билетке өтөт

Бишкекте коомдук транспорттор электрондук билетке өтөт
30-Окт. 2018, Шейшемби, 13:10

Бишкек шаарындагы коомдук транспортту электрондук билетке өткөрүү долбоору боюнча ноябрда тендер өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, долбоордун негизги максаты-унаада коопсуздукту камсыздоо. ИИМдин маалымат боюнча, 5 күндө бир жолу жүргүнчү ташыган унаанын катышуусунда жол кырсыгы болуп турат. Айрыкча, чакан бустардын айдоочулары кырсыкка кабылышат.

Мэрия электрондук билетти киргизүү менен жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн аныктай алышат. Электрондук билетти алгач 160 троллейбус жана 120 автобуска орнотуу пландалууда. Андан кийин маршруттук унааларга, кийинчерек таксилерге орнотулмакчы.

Төлөмдөр смарт-карта, банктык карта жана уюлдук телефон аркылуу жүргүзүлөт. Шаарда билеттерди сата турган 200дөн кем эмес жай ачуу каралып жатат.

Смарт-карталар бир канча түргө бөлүнөт:

— пенсионерлер үчүн ( айына 60 сапар)

— мектеп окуучулары үчүн (200 сом, 60 сапар);

—студенттер үчүн (350 сом, 60 сапар);

— бирдиктүү жол жүрүү билети (500 сом, 100 сапар).

Ал эми бир жолку билеттин баасы азырынча тактала элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден  кечирим сурады
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден кечирим сурады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган  “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы