Өкмөт ишембиликке жапырт катышууга чакырды

14-Апр. 2017, Жума

Өкмөт эртең, 15-февралда болуучу жалпы республикалык ишембиликке
кыргызстандыктарды активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин жетекчиси Жээнбеков буга чейин өкмөттүн
облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө жыл сайын аймактарда
ишембилик уюштурууну салтка айландырууну тапшырган.


Ал бул иш-чара аркылуу жаштарды өз мекенин сүйүүгө, жергиликтүү
тургундарды мобилизациялоо аркылуу жеринде тазалыкты камсыз кылууга
чакырса боло турганын белгиледи.


Белгилей кетсек, жалпы республикалык ишембилик үстүбүздөгү ыйман, адеп
жана маданият жылынын алкагында уюштурулуп, айлана-чөйрөгө кам көрүүгө, жарандардын эмгегин баалоого багытталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!