Террористтик уюмга акча жөнөтүп кармалды

Террористтик уюмга акча жөнөтүп кармалды
31-Окт. 2018, Шаршемби, 12:09

Сириядагы эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 14-октябрында УКМК тарабынан өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын жыйынтыгында, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болгон Кыргызстандык жараны Бишкек шаарынан кармалды. Аны текшерүү учурунда мурда Сирия согуш аракетинде катышып жүргөн ЭТУ согушкерине таандык жасалма паспорт табылган.

Такталган маалыматтар боюнча, кармалган адам Сириядагы ЭТУ мүчөсү болуп, согушкерлерге каржылык жана башка жактардан көмөк көрсөтүп, чет өлкөлөрдө жашыруун ячейкалардын катарында жүргөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча ал Сириядагы ЭТУ согушкерлерин каржылоого 100 миң АКШ долларын жиберген.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР