​Данияр: “Аялзаты бири-бирине окшошпоого аракет кылышат”

​Данияр: “Аялзаты бири-бирине окшошпоого аракет кылышат”
2-Ноя. 2018, Жума, 14:15

Бүгүнкү күнгө чейин өз ордун жоготпой келе жаткан илгерки кесиптердин бири бул зергерчилик. 7 жылдан бери көз майын коротуп, зергерчиликти кесип кылып келе жаткан Нарындын кулуну Данияр Анарбек уулу бизде конокто болуп өз кесиби тууралуу кеп учугун улады.


- Зергерчилик менен кандайча алектенип калдың?

- Мектепти бүтүп шаарга келип байкемдин үйүнө жатып иштеп калдым. Анан ошол байкемдин сунушу менен Сүймөнкул Чокморов атындагы сүрөтчүлүк окуу жайында дизайнерлик бөлүмүндө окуп бүттүм. Ошондон бери жети жыл болду зергерчилик менен алектенип келе жатам.

- Мыкты зергер болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек?

- Жакшы зер буюм жасоо үчүн талыкпоо керек, жасаган буюмуң башкалардыкынан айырмаланып туруу үчүн ардайым идея издеп элдикинен башкача берүүгө аркет кылыш керек. Анандагы ошол жаралган идеяны металдын бетине оюңдагыдай түшүрө алатурганга колуң жөндөмдүү болуш керек. Жөндөмүң-шыгың болбосо зергер болбой эле койгон оң.

- Идея деп калдың, идеяны кайдан аласың?

- Жасап жаткан зер буюдардын оймо чиймелерин дизайнын дайыма өзүм ойлоп табам. Жасаган буюмум башкалардыкынан айырмаланып турушун жактырам. Бир идеяны башкалардан көрүп жагып калсада аны ошол бойдон көчүрүп албайм, ага башкача жаңылык киргизүүгө аракет кылам.

- Учурда кандай сөйкө шакектерге талап болуп жатат?

- Мен көбүнчө жеке буйрутма менен иштейм. Өзгөчө аял заты бирибирине окшошпоого аркет кылышат. Алар тагынган зер буюмдар айланасындагылардан айырмаланып турушун жактырышат. Мага мындай-тигиндей жасап бер деп идеяларын сунушташат ошого жараша жасап берем, же болбосо өзүмдүн жаңы моделдеримди сунуштайм.

- Бир зер буюмду жасоо үчүн канча убакыт керектелет?

- Ошол жасалып жаткан зер буюмдун татаалдыгына жараша ар кандай убакыт сарпталат. Мисалы жөнөкөй сөйкөнү 2 саат убакытта жазаса болот. А эгер татаал буюм болсо 3-4 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден  кечирим сурады
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден кечирим сурады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган  “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы