Беш жашар бала каналга түшүп кетти

Беш жашар бала каналга түшүп кетти
3-Ноя. 2018, Ишемби, 13:33

Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында 5 жашар бала каналга кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-ноябрда ӨКМ кызматына болжол менен саат бештерде 2012-жылы туулган бала каналга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок эч кандай натыйжа болгон эмес. Баланы издөө иштери бүгүн, 3-ноябрда улантылат деп кабарлашты ӨКМден.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР