​Кыргызстанда аборттон каза болгондор бар

​Кыргызстанда аборттон каза болгондор бар
21-Ноя. 2018, Шаршемби, 11:20

Кыргызстанда ар жылы аборттон 2-3 эне көз жумат. Бул тууралуу жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, бир жылда орто эсеп менен өлкөдө 157 миң аял төрөйт. Бойдон алдыргандардын басымдуу бөлүгү 25 жаштан 29 жашка чейинки кыз-келиндер.

Биз социалдык себептер боюнча аборттордун категориясын алып салып, медициналык себептер боюнча гана абортторду калтырып коюуну пландап жатабыз. Аялдардын аборттун кесепетинен каза болгон учурларынын себептеринин бири медициналык адистердин дипломдук даярдыгынын төмөнкү сапаты менен байланыштуу”, - дейт өлкөнүн башкы гинекологу.

Маалыматка караганда, 2008-жылы аборттон каза болгондордун саны – 1 (1,3%), 2009-жылы – 5 (4,9%), 2010-жылы – 5 (6,8%), 2011-жылы – 7 (9,9%), 2012-жылы – 4 (5,1%), 2013-жылы – 3 (4,9%), 2014-жылы – 2 (2,4%), 2015-жылы – 3 (4,8%).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!