Январда бир жума эс алабызбы?

Январда бир жума эс алабызбы?
5-Дек. 2018, Шаршемби, 12:33

Кыргызстандыктар жаңы жыл жана май айдагы майрамдарды майрамдоого байланыштуу 7 күн эс алышы мүмкүн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылы 1-январдан 7-январга чейин жана 9-майдан 12-майга чейин эс алуу сунушталууда.

Майрамдык жана эс алуу күндөрдү сарамжалдуу колдонуу максатында, ошондой эле жарандардан келип түшкөн көп кайрылуулардын негизинде КРнын соцөнүктүрүү министрлиги 2018-жылдын 28-февралында кол коюлган өкмөттүн №117 “Эс алуу кундөрүн жылдыруу” тотомун кайра карап чыккан.

Бекитилген токтомго ылайык, 2018-жылдын 30-31-декабрь күндөрү жана 2019-жылдын 1жана 2-январь күндөрү майрамдык эс алуу күндөрү болуп саналат.

"2019-жылдагы эс алуу күндөрүн өзгөртүү боюнча" деп аталган министрликтин токтомунда 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январда, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майда эс алуу сунушталган.

25-февраль эс алуу күнү (анткени 23-февраль эс алуу күнгө туш болгондугу үчүн иш эмес күн болуп эсептелет) 2-январдагы иш күнүнө жылдырылат;

8-апрель эс алуу күнү (анткени 7-апрель эс алуу күнгө туш болгондугу үчүн иш эмес күн болуп эсептелет) 3-январдагы иш күнүнө жылдырылат;

2-сентябрь эс алуу күнү (анткени 31-август эс алуу күнгө туш болгондугу үчүн иш эмес күн болуп эсептелет) 4-январдагы иш күнүнө жылдырылат;

6-май эс алуу күнү (анткени 5-май эс алуу күнгө туш болгондугу үчүн иш эмес күн болуп эсептелет) 10-майдагы иш күнүнө жылдырылат;

Бул токтомдун долбоору КРнын өкмөтүнүн расмий сайтында коомдук талкуулоо үчүн жарыяланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!