​Токтогул суу сактагычында 17,8 млрд. куб метр суу топтолду

​Токтогул суу сактагычында 17,8 млрд. куб метр суу топтолду
5-Дек. 2018, Шаршемби, 13:08

Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күнгө карата суунун көлөмү 17 млрд.796 млн. куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын айтымында, “Электр станциялар” ишканасынын баардык объектери штаттык режимде иштеп жатат.

“Өткөн суткалар ичинде биздин ишканалар тарабынан 60 млн.773 миң кВт/с энергия иштелип чыккан. Анын ичинен Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан 6 млн.745 миң.кВт/с энергия иштелип чыккан. Ал эми борбордук ЖЭБи тарабынан 11 млн.200 миң.Гкал. жылуулук энергиясы иштелип чыкса, Ош шаарынын ЖЭБи 1 млн.200 миң.Гкал. иштеп чыккан”,-дейт ал.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 28-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19 млрд. 359 млн. куб метрди түзгөн.

Токтогул суу сактагычынын максималдуу чеги 19,5 млрд. куб метрди түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!