​Ошто адам өмүрүн алган кырсык катталды

​Ошто адам өмүрүн алган кырсык катталды
6-Дек. 2018, Бейшемби, 10:38

Сүрөт интернеттен алынды.

Жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 5-декабрь күнү саат 16.00дө Кара-Суу районунун Каратай айылында Ош—Сары-Таш унаа жолунун 18-чакырымында болгон. Toyota Avensis унаасы менен КамАЗ бетме-бет кагылышкан, жыйынтыгында 4 адам жабыркаган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, алардын ичинен 51 жаштагы эркек киши өзүнө келбеген бойдон көз жумду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!