Ассоль Молдокматова: “Өмүрүмө коркунуч туулуп жатат”

Ассоль Молдокматова: “Өмүрүмө коркунуч туулуп жатат”
6-Дек. 2018, Бейшемби, 12:47

Коомдук ишмер, белгилүү журналист, теле-алып баруучу Ассоль Молдокматова кечээ күнү өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жатканы тууралуу пресс-жыйын өткөрдү.

Ассоль айымдын айтымында бир жылдан бери анын жашоосуна коркунуч алып келгендер көбөйгөн.Анын себебин өзүнүн чыгармачыл ишмердүүлүгүнө байланыштырат.

“Бир жылдан бери бул коркутуулар тууралуу коомчулукка айткан эмесмин.Бирок акыры андай ээнбаштардын ким экенин айтууга туура келди”, - дейт Ассоль Молдокматова.

“Мен ачуу чындыктарды айтам, бул кимдир-бирөөргө жолтоо болсо керек. Албетте, анын баарын түшүнүп турабыз. Мени бул кырсыкка кабылсын деген сыяктуу ар кандай жагымсыз нерселерди жасап жатышат. Жашоомо коркунуч туудурган адамдар тууралуу КР ИИМ атайын иш ачышты, андан тышкары менин дасыккан жактоочум бар” дейт.

Акыркы убакта эле милицияга эки жолу арыз жазган экен. Биринчисинде, анын унаасынын төрт дөңгөлөгүн жарып кетишкен. Аны алмаштыргандан кийин эртеси эле унаасынын дөңгөлөктөрүнүн буроолорун бошотуп салышкан. "Ушундай иштерди жасагандар мени кырсыкка кабылсын деген ниетте болушса керек" дейт.

Мындан бир жыл мурун да кимдир-бирөөлөр анын өмүрүнө кол салган экен. Ал адамдар кармалып, жазасын темир тордо өткөрүп жатыптыр.

“Ушулардын баарын көпкө айтпай келдим. Жактоочум экөөбүздүн артыбыздан аңдыгандар да болду” дейт Ассоль айым.

Эске салсак, Ассоль Молдакматова жергиликтүү телеканалдардын биринде "Ачык сүйлөшүү" деген ток шоу программасын эфирге алып чыгып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жанар Акаев  депутаттык достук тобунун жетекчиси болуп дайындалды
Жанар Акаев депутаттык достук тобунун жетекчиси болуп дайындалды
​Пара алган 11 футболчу кармалды
​Пара алган 11 футболчу кармалды
Шашылыш билдирүү: 22-23-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Шашылыш билдирүү: 22-23-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
​Эверести багындырам деп рекорду да багындырды
​Эверести багындырам деп рекорду да багындырды
Бекешев:
Бекешев:"Токмокто контрабандалык күйүүчү майлар ачык эле сатылууда"
​Дүйнөдө спорт хиджабына суроо-талаптар өстү
​Дүйнөдө спорт хиджабына суроо-талаптар өстү
Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды
Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды
Forbes жаратман орус жаштарын тизмектеди
Forbes жаратман орус жаштарын тизмектеди
​22-май:доллардын наркы жогорулады
​22-май:доллардын наркы жогорулады
Ырчы Юлия Рудская апасын кандайча куттуктады?
Ырчы Юлия Рудская апасын кандайча куттуктады?
Кытайдын артисттери Кыргызстанда “Манас” операсын коюшат
Кытайдын артисттери Кыргызстанда “Манас” операсын коюшат
Батукаевдин иши боюнча Шамиль Атаханов камакка алынды
Батукаевдин иши боюнча Шамиль Атаханов камакка алынды
Максат Довранов: Мен үйлөнсөм өзүм маалымдайм
Максат Довранов: Мен үйлөнсөм өзүм маалымдайм
Фарида Карбосова: Көпчүлүк адамдар кечирим сурашууда
Фарида Карбосова: Көпчүлүк адамдар кечирим сурашууда
​Кытайдын Тышкы иштер министри Бишкекке расмий сапары менен келди
​Кытайдын Тышкы иштер министри Бишкекке расмий сапары менен келди
Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жаздыбы?
Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жаздыбы?