Казак келин күйөөсүнө экинчи аял издейт

Казак келин күйөөсүнө экинчи аял издейт
6-Дек. 2018, Бейшемби, 13:22

Казакстанда жашаган Асыл Рахымжан менен аялы Күмүсай Аманжол кызы экөөнүн баш кошконуна төрт жыл болгон. Күмүсай күйөөсүнө экинчи аял алып берем деп социалдык желелерге, жергиликтүү казак телевидениелерине ачык айтып чыкты.

Күмүсай менен Асыл интернет желелерде таанышып сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан.Асыл майып болгондуктан анын колу-буту иштебейт. Аны Күмүсай билген, өзү үйүнө издеп барып жолугуп, таанышышкан.

Майып жигитке баш кошуп жатканда эки жактын ата-энеси каршы болушкан эмес. Анткени экөөнүн тең үй-бүлөлөрү намаз окушат. Тааныштары Күмүсай майып жигитке анын байлыгына карап турмушка чыгып жатат деп сөз кылышкан. Бирок, Асылдын пенсиясынан башка байлыгы деле жок экенин жазат Күмүсай.

“Жолдошум экинчи аял алсамбы деген сунушун айтты, мен макул болдум” дейт Күмүсай.Себеби, Асылды өзү жуундуруп, өзү карайт, тамагын берет. Ошону көргөн күйөөсү аялынын ишин жеңилдетүү үчүн сунуштаган экен.

Азыр Күмүсай күйөөсү Асылга экинчи аял издеп жаткан кези.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!