Үйлөнүү тойдун алдында кыздан жигити баш тартты

Үйлөнүү тойдун алдында  кыздан жигити баш тартты
6-Дек. 2018, Бейшемби, 16:32

15-декабрда үйлөнүү үлпөтү боло турганын болжоп, кыз менен жигиттин ата-энелери сүйлөшүп, а түгүл калыңын да бычып, алышып-беришип коюшкан эле.

Казакстандын Түркстан облусунда жашаган 23 жаштагы Улжалгас Мусаева жигити Меурет менен 15-декабрда үйлөнүү үлпөтүн пландашкан.

Бирок кыз ата-энеси менен урушуп, үйдөн качып кеткен боюнча эч кимге дайынын билгизген эмес. Аны жигити да, тааныштары, курбулары, эки жактын ата-энелери издеп таппай, жергиликтүү ММКларга сүрөтү менен издөө жарыялаган. Акыры эки жумадан кийин гана кыздын достору аркылуу кайда жүргөнү дайын болгон.

Ал ата-энесине таарынып, Отар станциясындагы аскер бөлүмүндө ашкана жардамчысы болуп жумушка орношуп алган экен.

Кыз табылгандан кийин жигиттин ата-энеси үйүнөн качып кеткен кызды келин кылуудан баш тартышкан.А түгүл калыңга деп берген малын да доолай баштаган. Ал эми кыздын ата-энеси болочок кудалардан кечирим сурап, каражаттан кыйналып жатканын айтып, кызын берүүгө аракет кылышкан. Бирок үйлөнүү үлпөтү болбой калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!