Айрым айылдарда 4 күн газ жок болот

21-Апр. 2017, Жума

Чүй жана Баткен облустарынын айрым айылдарында 4 күн газ болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ондоо-түзөө иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо көгүлтүр отту берүү токтотулат:

- 24-25-апрел Лебединовка айылы, Жеңиш проспектиси №311, №330–332 Чүй облусу;

— 25-26-апрель Онбир Жылга айылы Жумаалы, Керимбаев көчөсү, Чүй облусу;

— 24-апрель. Кызылбулак айылы, Сурташ-2 тилкеси Баткен облусу;

— 27-апрель Кадамжай шаары, А.Жалилов көчөсү, Баткен облусу.

Оңдоо-түзөө иштери аяктаган соң жаратылышы газын берүү калыбына келтирилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!