Эл өкүлдөрү кыргызстандыктарды жаңы жыл майрамы менен куттуктады (видео)

Эл өкүлдөрү кыргызстандыктарды жаңы жыл майрамы менен куттуктады (видео)
27-Дек. 2018, Бейшемби, 17:53

Жаңы 2019-жыл кирип келерине саналуу гана убакыт калды. Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, каалоо - тилектерин арнады.


Өтүп бара жаткан жылды кылчайып карай турган болсок, Кыргызстан үчүн жаман жылдардан болгон жок. Бийлик тынчтык жолу менен алмашып, туруктуулукту көздөй багыт алдык. Негизгилеринен III дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүп, өлкөбүздү дүйнөгө даңазаладык. Ааламга аты чыккан алп акын Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгиледик. Жаңырып келе жаткан 2019-жыл да өлкө үчүн ийгилик, биримдик, береке алып келип, элибиз үчүн жакшылыктар коштогон жылдардан болсун!

Жаңы жыл майрамы - адамзаттын, инсандын, өчпөс үмүттүн майрамы. Кары болобу, жаш болобу, - бардыгыбыз тен жаңы жыл ийгилик, тынчтык, бакубатчылык алып келсин деп тилейбиз, үмүтүбүз да ошол.

“ZAMAN КЫРГЫЗСТАН” маалымат агенттиги.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!